Ошто кийинки жумада күн ысыйт. Кыргызгидрометтин божомолу

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарындагы Каныкей эне эстелигинин айланасын жашылдандыруу менен алектенген адам. Архивдик сүрөт
Ош шаарындагы Каныкей эне эстелигинин айланасын жашылдандыруу менен алектенген адам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Жазылуу
Оштун өрөөндөрүндө абанын температурасы 30 градуска чейин жетет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Ош облусунда аба ырайы кандай болору туурасында маалымат берди.
Билдирмеге ылайык, Оштун өрөөндөрүндө күн 30 градуска чейин ысыйт.
Жуманын башында, 23-24-25-апрелде жаан-чачын болбойт.
26-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Ал эми 27-29-апрелде күн ачык болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Паркта сейилдеген кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Кийинки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0