Күн ачык болот. Таластын кийинки жумада болжолдонгон аба ырайы

© AP Photo / Vladimir VoroninЖайлоо. Архивдик сүрөт
Жайлоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Жазылуу
Аптанын орто ченинде гана жаан жаайт, калган күндөрү күн ачык болот.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Таласта алдыдагы жума ичи аба ырайы кандай болору тууралуу Кыргызгидромет айтып берди.
Ага ылайык, 23-24-апрелде жана 25-апрелде күн ачык болот.
Ал эми 25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы маалымдалды.
26-29-апрелде болсо жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Паркта сейилдеген кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Кийинки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0