Салык кызматы декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМамлекеттик салык кызматы. Архив
Мамлекеттик салык кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Декларация тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктайт.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Салык органдары жеке жактарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин өзгөчө режимине өтүштү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Белгиленген графикке ылайык, 30-апрелге чейин декларациялар эртең мененки саат 9:00дөн түн ортосуна чейин (саат 00:00) кабыл алынат. Демек, жумуш убактысында тапшырууга үлгүрбөгөн жеке жактар саат 18.00дөн кийин келе алышат. Жеке ишкерлер мал-мүлкү тууралуу маалыматты электрондук түрдө гана тапшырышы керек.
1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр бериши керек:
жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жеке жак.
Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Декларация тапшырууну акыркы күнгө калтырбагыла! Салык кызматынын эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0