Сергей Лавровдун БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүсүнүн урунттуу учурлары

© AFP / ED JONESРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Россия 1-апрелден тарта бир айга БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы болду.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында дүйнөдөгү кырдаал жана Украина кризиси тууралуу билдирүү жасады. РИА Новости Лавровдун билдирүүсүнүн урунттуу учурларын жарыялады.
АКШ көп жылдар бою бүткүл адамзаттын эң жогорку жыргалчылыгы катары кабыл алынган глобализацияны кыйроого учуратты;
Батыш өзүн татыктуу алып жүрүүгө жана дүйнөлүк коомчулуктун башка мүчөлөрүн урматтоого тийиш;
Азыр АКШнын жана анын союздаштарынын негизги күчү Азия - Тынч океан чөлкөмүндөгү көп тараптуулукту бузуу үчүн жумшалып жатат;
Бүгүнкү күндө БУУ да, анын жоболорунун талаптары да АКШнын глобалдык амбициясына коркунуч туудурууда.
Киевдин нацисттик режимин 2014-жылдагы төңкөрүштү кабыл алуудан баш тарткан аймактардын тургундары катары кароого болбойт;
Украина маселесин геосаясий контексттен бөлүп кароо мүмкүн эмес.
Апрелде Россия Коопсуздук кеңешке төрагалык кылат. Лавров бүгүн, эртең БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде жыйындарга катышат.
Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
АКШнын россиялык журналисттерге виза берүүдөн баш тартышы. Лавровдун пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0