Маданият министрлиги "Мыкты боз үй" сынагын жарыялады. Шарты

© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үй. Архивдик сүрөт
Боз үй. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
Сынакка кабыл алынган боз үйлөр 16-майда Ош шаарынын борбордук аянтына тигилип, сынактын жыйынтыгы чыккан соң гана чечилет. Конкурска катышууга кеткен чыгымды катышуучу өзү көтөрөт.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында "Мыкты кыргыз боз үйү" сынагы жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Иш-чара аталган мекеме тарабынан уюштурулууда.
Сынактын максаты:
боз үй жасаган улуу муундагы чеберлердин кийинки өсүп келе жаткан муунга салттуу өнөрдү үйрөтүүсү;
салттуу өнөрдү өнүктүрүү жана сактоо;
кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу;
элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу;
кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды коомчулукка кеңири таанытуу.

"Талаптарга ылайык, кабыл алынган боз үйлөр 2023-жылдын 16-майында Ош шаарынын борбордук аянтына тигилип, сынактын жыйынтыгы чыккан соң гана чечилет. Сынакка катышууга кеткен чыгымды катышуучу өзү көтөрөт. Жеңүүчүлөр министрликтин диплом, грамота жана акчалай сыйлыктары менен сыйланат", — деп айтылат маалыматта.

Сынакка катышуу шарттары:
калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана жаш курагы, улуту чектелбейт;
боз үйдүн ичи, сырты толук жасалгаланып бүткөн болушу керек, аны катышуучу нукура элдик технология менен кооздошу кажет.
Катышуучулар 2023-жылдын 10-майына чейин билдирме-анкетаны жөнөтүүсү зарыл.
Катышуучуларга сынакка жолдомо алгандыгы тууралуу маалымат уюштуруучулар тарабынан телефон аркылуу маалымдалат.
Кошумча маалымат алуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып (0312) 62-36-39, 62-35-50, +996 773819898, +996 558700087 телефондору аркылуу байланышууга болот.
Бишкекте ууздар чогулду. Сайма – 2023 фестивалынан сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Бишкекте уздар чогулду. "Сайма – 2023" фестивалынан сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0