Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов. Архивдик сүрөт
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Александр Нестаев кызматынан бошотулуп, ордуна Данияр Бостонов дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Нестаев аталган мекемени ар кайсы жылдары башкарып келген. Ал эми 36 жаштагы Бостонов буга чейин "Манас" аэропортунда улук авиадиспетчер болуп эмгектенген.
Президенттик администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Президенттин администрациясына эки жаңы жетекчи келди
Жаңылыктар түрмөгү
0