27-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Ала-Тоо аянтында мектеп окуучулары. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтында мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Жазылуу
27-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоӊголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ош, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын өрөөнүнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас өрөөнүндө +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +16...+21, ал эми Нарында +15...+20 градуска жогорулайт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +25...+27, Ошто +28...+30 градуска жетет.
Съемки фильма Улан Океева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Ысык-Көлдүн шамалынан коргологон киночулар. "Уландагы" таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0