Кыргызстан футболчулары CAFA турниринде кимдер менен ойнойт? Расписание

© Фото / пресс-служба КФСКыргызстандын курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Жазылуу
Тайпалык оюндардын этабы Ташкент жана Бишкек шаарларында өтөт.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстан курама командасы CAFA Nations Cup 2023 — Борбор Азия турниринин биринчи этабында Иран менен Афганстанга каршы ойнойт.
Регионалдык чемпионат 11-20-июнь күндөрү болот. А тайпасындагы оюндар Ташкентте, ал эми В тайпасындагы беттештер Бишкекте өтөт.
Турнир боюнча чүчү кулак тартылып, атаандаштар аныкталды:
А тайпасынын расписаниеси (Ташкент):
Өзбекстан — Оман, Тажикстан — Түркмөнстан, 11-июнь;
Оман — Тажикстан, Түркмөнстан — Өзбекстан, 14-июнь;
Өзбекстан — Тажикстан, Түркмөнстан — Оман, 17-июнь.
В тайпасы:
Кыргызстан — Афганстан, 10-июнь;
Иран — Афганстан, 13-июнь;
Кыргызстан — Иран, 16-июнь.
Тайпадан утуп чыккан командалар 20-апрель күнү Ташкентте финалдык беттешке чыгат. Экинчи орунду алгандар коло байге үчүн ойношот.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына машыктыруучу болуп дайындалган словакиялык Штефан Таркович. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Кыргызстандын футбол командасына жаңы машыктыруучу дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0