Нуржигит Кадырбеков лицензиясы бар жайларда гана ичимдик ичүүнү сунуштады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Жазылуу
Эл өкүлү өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялар тек гана экспортко багытталса жакшы болорун айтты.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков атайын уруксат берилген жайларда гана ичимдик ичүүнү сунуштады.
Депутат эл такыр спирт ичимдигин ичпей, аны өндүргөндөр да, импорт кылгандар да банкрот болуп калса экен деп эле тилек кыларын ачык айтты.
"Австралиянын түндүк аймактарында лицензиясы бар мекемелерде гана ичимдик ичкенге уруксат берилет. Көчөдө, көрүнгөн жерде, ресторандарда иче бербейт. Ушундай дагы бир саясатты ойлонсоңор жакшы болот эле. Керек болсо АКШда дагы такыр тыюу салынган жерлер бар. Элдин ден соолугун ойлойлу. Колдон келсе экспортко багыттаңыздар, ички рынокто болбой эле калса экен", — деди Кадырбеков.
Эл өкүлүнүн айтымында, Россияда жылына 50 миң адам арак-шарап ичкенден көз жумган, өз жанын кыйгандардын 80 пайызы мас абалында болот.
Заводдогу спирт ичимдиктерин куюу линиясынын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Агенттик директору Токтогулов: "Аюнун" директору өзү келип заводун берем деди
Жаңылыктар түрмөгү
0