Апрелдин соңу, майдын башында Боомдо кайрадан таш кулатылат

© Sputnik / Эмиль СадыровБоом капчыгайы. Архив
Боом капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыкты алдын алуу максатында жасалат.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Боом капчыгайында, тагыраагы, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымында 29-апрель жана 2, 3, 4-май күндөрү таш кулатылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилмекчи.
Мындай иштердин аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.
Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөлөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0