"Ата-Журт Кыргызстан", "Мекенчил" фракциялары Байсаловду кызматтан алууга камынды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаӨкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов. Архив
Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
Байсалов кеп болуп жаткан долбоорду көзөмөлдөбөй турганын айтып, ЖКга кыйнап эле чакырышканын билдирген.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттар тобу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу чечимин чыгарды. Бул чечими сунуштама катары президентке жөнөтүлөт.
Аталган фракциялар кошмо жыйын өткөрүп, 2024-жылы Глобалдык фонд тарабынан бериле турган 29 миллион доллардын максаттуу пайдаланышын талкуулашты. Эл өкүлдөрү каражаттын көпчүлүк бөлүгү гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын, ага мамлекеттик көзөмөл киргизүү керектигин айтышты. Себеби учурда грантты ПРООН алып, улуттук каада-салттарга жат көрүнүштөрдү колдоого сарптап, отчет да бербей жатканын белгилешти. Ал эми Байсалов муну көзөмөлдөбөй турганын айтып, ЖКга кыйнап эле чакырышканын билдирди.
Бирок депутат Надира Нарматова бул маселени көзөмөлдөө анын түздөн-түз милдети экенин айтты.
"Депутаттарга чабуул жасагандан башка жакшы бир жооп бербедиңиз. Ким сүйлөсө ошого тап берип жатасыз. Өз милдетиңизди аткаргыңыз келбей жатат. Эки фракциянын чечимин чыгарып, президентке сунуш берели, кызматтан алып, ордуна өз милдетин биле турган адам келсин. 30 жылдан бери Глобалдык фонддон ВИЧ, СПИДге каршы күрөшүү боюнча канчалаган каражат алдыңар. Кана азайып кеткени? Гомосексуалдар азаймак турсун көчөдө пикетке чыгып жүрүшөт. Азыркы вице-премьер убагында алардын эки жагында туруп колдоп жүргөн. Глобалдык фонд менен иштеп, Координациялык кеңешти жетектей турган адам бизге каяша сүйлөп, өзүнүн ишине жооп бербей жатса эмнени талкуулап жатабыз. Ага депутаттар оюнчукпу. Силер сүйлөй бересиңер, биз өзүбүз билебиз деп баятан бери жыргап, мыскылдап отурат", — деди Нарматова.
Натыйжада Байсаловду кызматтан алуу тууралуу президентке сунуштама жиберүү боюнча фракциянын жана депутаттык топтун чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонд ар бир үч жыл сайын ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүү багытында Кыргызстанга 29 миллион доллардан грант берерин айтып, бирок аны бейөкмөт уюмдар башка максатта колдонуп жатканын айткан. Мисал катары гомосексуализмди алдын алууга эмес, пропагандалоого жумшалган каражаттарды атаган.
ЖК депутаты Искендер Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Матраимов өкмөттүн кадр саясатына нааразы болуп, ага Акылбек Жапаров жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0