Шойгу: РФ Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларында аскердик даярдыкты күчөтүүдө

© Фото / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүРФтин коргоо министри Сергей Шойгу
РФтин коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
РФтин коргоо министри афган жергесиндеги азыркы кырдаалга НАТО өлкөлөрү жоопкерчиликтүү экенин белгилеген.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. АКШнын, союздаштарынын кадамдарынан жана Борбор Азиядагы аскерий ордун калыбына келтирүү аракеттеринин фонунда Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларында аскердик даярдыкты күчөтүүдө. Бул туурасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгунун айтканын РИА Новости жазды.
"АКШ менен анын союздаштары террорчулукка каршы күрөшүүгө жардам беребиз деген шылтоо менен Борбор Азиядагы өзүнүн жайгашуусун калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Аймактагы өлкөлөргө аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу өтүнүчтөрүн биз Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигиндеги стабилдүүлүккө түздөн-түз келтирилген коркунуч деп эсептейбиз", — деген Шойгу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргонуу министрлеринин Нью-Делиде өткөн жыйынында.
Ал аталган аймакта жайгашкан эки мамлекеттеги россиялык базалардын аскердик даярдыгын арттырып жаткандыгын билдирген.
"Биз өзүбүз тараптан Кыргызстан, Тажикстандагы базаларда жаралып калышы мүмкүн деген көйгөйлөргө реакция кыла турган аскердик даярдыкты күчөтөбүз", — деп кошумчалаган ал.
Шойгу аны менен катар эле "НАТО өлкөлөрү афган жергесинде турган өздөрүнүн 20 жылдык кадамдарынан жана өлкөдөн чыгып кетишинен соң ал жакта жаралган кырдаалга жоопкерчиликтүү" экенин белгилеген.
"Алар чатактан кийинки калыбына келтирүү боюнча финансылык чыгымдарды өздөрүнө алышы керек", — деген министр Шойгу.
ЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
ЖККУ ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен машыгууларга катышуу ыктымалдыгын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0