Бир жумага карата Бишкек менен Чүйдөгү аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй облусунда талаа гүлдөру. Архив
Чүй облусунда талаа гүлдөру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Апта башында мезгил-мезгили менен жамгыр жооп, орто ченинен тарта күн толук ачылат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусунда жана Бишкекте күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада 30-апрелде күндүз өткүн өтүп басылат. Ошол бойдон жуманын соңуна чейин күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майда 14 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй облусунда 30-апрелде көпчүлүк аймактарда жана 1-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 30-апрелде күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
2-майда кээ бир жерлерде жаан жаайт. Ошондон кийин 6-майга дейре күн ачык турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Акчасы жакшы, түйшүгү көп тигүү цехтери. Тигүүчүнүн видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Акчасы жакшы, түйшүгү көп тигүү цехтери. Тигүүчүнүн видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0