Бишкек шаарына 145 жыл толду. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Өлкө башчы шаардын абалын жакшыртууга болгон аракеттер жумшалып жатканын айтты.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы адегенде Пишпек, кийин Фрунзе аталган борборубуз Кыргызстан эгемендүү, демократиялуу өлкө деп жарыялангандан тарта кайра тарыхый аталышына расмий ээ болгонун белгиледи.
"Совет мезгилинде баш калаабыз бардык тарабынан бак-даракка бөлөнүп, "жашыл шаар" макамы менен даңкы далайга угулган. Ал эми дүйнө жүзүндө "мрамор шаар" аталган ажайып шаарлардын катарында Бишкектин да аты аталышы, албетте, жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык! Ордо калаабыздын мындай эл аралык коомчулук оозанган татыктуу сый-урматка жетүүсүнө мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин зор эмгегин белгилей кетпесек болбос", — деди Жапаров.
Ал 145 жылдын ичинде алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда болгону 752 там жайгашкан аймак бүгүнкү күндө миллиондон ашуун калкты батырган шаарга айланганын кошумчалады.
"Бишкекти биз дагы кийинки муунга "жашыл шаар", "мрамор шаар" бойдон сактап, көркүнө көрк кошуп өткөрүп беришибиз парз! Кылым карыткан тарыхы бар эгемендүү өлкөбүздүн ордо калаасын дүйнөнүн гүлдөгөн шаарларынын катарына кошууга бар аракетибизди көрөбүз!" — деди өлкө башчы.
Ала-Тоо аянтындагы милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Эртең түштөн кийин "Ала-Тоо" аянтынан өтчү унаа жол жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0