"Унаа" мекемеси алдыдагы 5 күндүк эс алууда кандай иштейт? График

© Фото / пресс-служа ГУ "Унаа""Унаа" мекемеси кызматкерлери. Архив
Унаа мекемеси кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Кыргызстандыктар расмий түрдө келе жаткан аптада беш күн катары менен эс алышат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнүн алдыдагы май айындагы дем алыш күндөрүндө кандай график менен иштей турганын ИИМ түшүндүрүп берди.
2023-жылдын 1, 5, 6 жана 9-майы "Унаанын" бардык бөлүмдөрүндө жана секторлорунда дем алыш күн болуп эсептелет.
7 жана 8-май күндөрү унааларды каттоо боюнча төмөнкү бөлүмдөр иштейт:
Бишкек, Б. Алыкулов, 3/10 дарегинде жайгашкан батыш бөлүмү;
"РИОМ-Авто" автобазарында жайгашкан регион аралык бөлүм;
Ош, Көкүм-Бий, 168 дарегинде жайгашкан Ош-2 сектору ("Жапалак" унаа базарынын жанында).
Жогорудагы көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн бардыгы саат 08:30дан 17:30га чейин иш алып барат.
Календарь выходных дней 2023 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
2023-жылдагы майрам жана эс алуу күндөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0