Борбор калаанын айрым жерлеринде 2-майда суу өчөт. Даректер

© Фото / Pexels/ Nithin PAСууну өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт
Сууну өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Жазылуу
Мэрия таза сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкектин айрым жерлеринде 2-май күнү саат 10:00дөн 23:00гө чейин суу өчөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Таза суу Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын астыңкы бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1 менен Улан-2 кичи райондору жана Көк-Жар жаңы конушунда берилбейт.
Бул күнү 11-кичи райондогу суу өткөргүчтү оңдоо иштери жүрөт.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Бишкектеги салык кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Декларацияны 2-майда да тапшырса болот. Салык кызматынын эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0