Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кыргызстанда кан оорулары көбөйүүдө. Профессор Раимжанов себебин айтты

© Sputnik / Асель СыдыковаГематолог, Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдухалим Раимжанов
Гематолог, Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдухалим Раимжанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Жазылуу
Гематолог, Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдухалим Раимжанов кыргызстандыктар арасында кан ооруларынын көбөйүшүнүн себеби тууралуу айтып берди.
Буга чейин республикада кан рагына чалдыккандар арасында өлүмдүн көрсөткүчү өтө жогору эле. Азыр да бул илдетке кабылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Абдухалим Раимжанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда кан оорулары көбөйүүдө. Профессор Раимжанов себебин айтты
Анын айтымында, өлкөдө 2000ден ашуун курч жана өнөкөт лейкоз менен ооругандар катталган.
"Кан рагынын пайда болушунун так бир себебин айтуу кыйын. Бул жерде генетикалык өзгөрүүлөр жана тукум кууган фактор, ошондой эле туура эмес тамактануу, туура эмес жашоо образы жана айлана-чөйрөнүн булганышы деген өӊдүү көйгөйлөр бар. Башкача айтканда, адамдын организмине тигил же бул жол менен таасир эткен көрүнүштөрдүн бүтүндөй спектри себеп болууда. Натыйжада лейкоз же ак кан пайда болот. Буга чейин республикада кан рагына чалдыккандар арасында өлүмдүн көрсөткүчү өтө жогору эле. Улуттук гематология борбору ачылып, активдүү иш башталгандан кийин абал акырындык менен жакшырды. Тобокелдик факторлор, анын ичинде генетикалык факторлорду азайтуу боюнча илимий негизде кадамдар жасала баштаган. Тилекке каршы, борбор жабылып, абал кайрадан начарлап баратат. Ошол эле учурда өлкөдөгү негизги көйгөй аз кандуулук же анемия менен жабыркагандардын көптүгү болууда. Кыргызстандыктардын 80 пайызга жакыны темир жетишсиздигинен улам пайда болгон гемоглобиндин төмөндүгүнөн жабыркайт. Көбүнчө бул жашоонун төмөн деңгээли менен шартталат. Эң өкүнүчтүүсү, бул дарт менен көбүнчө аялдар жабыркагандыктан алардын төрөгөн балдары да аз кандуулукка кабылып жатат", — деди Раимжанов.
Ал кыргызстандыктар арасында кан оорусунун өсүшүн комплекстүү мамиле менен гана токтотууга болорун, анткени бул медициналык гана эмес, социалдык дагы маселе экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0