Күн ысыйбы? Келе жаткан аптага карата Кыргызстандагы аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин Ала-Тоо аянтында селфиге түшкөн кыз. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтында селфиге түшкөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Жазылуу
Бул жуманын орто ченине чейин кээ бир аймактарда жамгыр жаайт, шаршембиден тарта күн ачылат.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 30-апрелде күндүз өткүн өтүп басылат. Ошол бойдон жуманын соңуна чейин күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

1-майда айрым жерлерде көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 30-апрелде күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
2-майда айрым жерлерде жаан жаайт. Ошондон кийин 6-майга дейре күн ачык турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-3-майда айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Талас облусу

1-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 2-майда айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. 3-майдан жума соңуна дейре күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-3-майда айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Ош жана Жалал-Абад облустары

1-3-майда күндүзү айрым жерлерде өткүн өтөт. Ошол бойдон күн ачылып, 6-майга чейин жамгыр жаабайт. Абанын күндүзгү температурасы 29 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майда айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Баткен облусу

1-2-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 3-майда тоолуу аймактарда өткүн өтөт, бирок өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Ошол бойдон 6-майга чейин күн ачык турат.

Ысык-Көл облусу

1-майда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
2-майда кээ бир жерлерде жамгыр жаайт. 3-майда чыгыш тарабында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 4-6-майда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-3-майда айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Нарын облусу

1-майда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, тоолорго кар түшөт. 2-3-майда айрым жерлерде жамгыр жаайт. Ал эми эртеси басылып 6-майга чейин күндүн көзү бузулбайт.
2-3-майда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Баланы сүйүү iPhone менен өлчөнбөйт. Психологдун ата-энеге кеңеши видеомаекте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Баланы сүйүү iPhone менен өлчөнбөйт. Психологдун ата-энеге кеңеши видеомаекте
Жаңылыктар түрмөгү
0