Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Америка чалгын кызматы Киевдин ийгиликтүү контрчабуул жасаарына ишенбейт

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaУкраиналык аскер. Архив
Украиналык аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Жазылуу
Украинанын жазда же жайда ири чабуул жасоодон башка аргасы жок, анткени анын лидерлери Батыш өлкөлөрү тарабынан барган сайын бурчка такалууда.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Украина контрчабуул менен ири ийгиликтерге жетиши күмөн, ал буга даяр эмес. Бул тууралуу АКШ Чалгын кызматынын ачыкка чыгып кеткен документтерине таянып Times басылмасынын жазганын РИА Новости агенттиги таратты.
Эскерте кетсек, Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль апрелдин башында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу жайында башталышы мүмкүн экенин билдирген. Кийинчерээк "жакында болот" деп айткан. Америка ЖМКлары ал 30-апрелге белгиленгендигин жарыялап, багыттарынын бири – Азов деңизине чыгуу максатында Запорожье облусу экендиги да айтылган.
РИА Новости сурамжылоо жүргүзгөн эксперттер белгилегендей, Киев менен Вашингтондун бири-бирине каршы келген билдирүүлөрүнө ишенүүгө болбойт, бул жалган маалымат таратуу кампаниясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн.
"Украинанын Куралдуу күчтөрү НАТО өлкөлөрү жакында берген 1,5 миң сооттолгон аскер унааларын жана 230 танканы тездик менен өздөштүрүүдө. Ошол эле учурда батыш саясатчылары Украинанын аскер башчылары менен аскерлери жаңы системаларга көнүп кетишинен күмөн санап жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Times макаласында киевдик армияга баштагыдай эле бардык эле чабуулдук операциялар үчүн абадан коргонуу күчтөрү жетишсиз экендиги, бул аны коркунучтуу жагдайга кептей тургандыгы белгиленген.
"Ошол эле учурда Украинанын жазгы же жайкы ири чабуул жасоодон башка аргасы жок, анткени анын лидерлери Батыш өлкөлөрү тарабынан барган сайын бурчка такалууда. Владимир Зеленский вашингтондук инсайдерлер инвестициянын кайтарымы болду деп атай тургандай нерсени көрсөтүшү зарыл болуп турат", — деп жазылат маалыматта.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва контрчабуулга даярдык боюнча айтылгандарга тыкыр көз салып турганын жана мунун баары атайын операциянын нугун пландоодо эске алынарын айткан.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина "контрчабуулунун" үч сценарийи. Артемовскидеги кырдаал
Жаңылыктар түрмөгү
0