3-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Жазылуу
3-майда күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүшү ыктымал.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн айрым райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +7...+12, Нарын аймагында +10...+15 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15...+17 жана Ош калаасында +24...+26 градус болот.
Кар баскан жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0