Былтыр Өзбекстандан алып келинген жейрендер төлдөдү. Сүрөт

© Sputnik / Александр ЛыскинЖейрендер. Архив
Жейрендер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Жазылуу
Учурда жаныбарлар питомникте багылып жатат.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Былтыр Ысык-Көлгө алып келинген жейрендер төлдөдү. Бул туурасында аталган жаныбарлар багылган питомниктин ээси Аскар Даветбаков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, 28-30-апрель күндөрү жейрендердин беш улагы туулган.
Белгилей кетсек, былтыр февралда Өзбекстандан 15 жейрен (беш эркек, 10 ургаачы) Кыргызстанга алып келинген. Учурда алар Ысык-Көлдөгү питомникте багылууда, саны 50дөн ашкандан кийин жаратылышка коё берилет.
Аталган жаныбарлар Кыргызстанда 2000-жылдары жоголуп кеткени айтылат. ХХ кылымдын биринчи жарымында Орто Азия чөлкөмүндөгү жейрендердин саны жүз миңдеп саналып келген. Булар көбүнесе Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабын байырлачу. 1980-1990-жылдары жейрендердин саны кескин кыскарып, бүгүнкү күнү алар Кызыл китепке киргизилген.
Жейренге аңчылык кылгандарга миллион сом көлөмүндө айып салынат.
Маралдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Алтайдан Таласка 35 марал алып келишти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0