Неге мынча кайдыгербиз? Жапаров элди тазалыкты сактоого чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы элдин кайдыгерлигине нааразы болду.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдүн түбүн тазалап бүтө албай жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирип, тазалыкты сактоого чакырды.
Ал социалдык баракчасына пост жазып, кыргызстандыктарга кайрылды.

“Мынчалык кайдыгер болбогулачы. Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Тазалыкты сактоону суранам. Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы аны талап кылууга милдеттүүсүздөр”, — деди Жапаров.

Ошондой эле ал ӨКМдин суучулдарынын жумуш учурунан тартылган видеосун жарыялап, алардын эмгегин сыйлоого үндөдү.
Ысык-Көлдөгү таштандыларды чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
ӨКМ 1,5 айда Ысык-Көлдөн 47 миң тонна таштанды алып чыкты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0