Бишкекте "Эскерүү оту" тапшырылган эл аралык акция өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Эскерүү оту акциясы. Архив
Бишкектеги Эскерүү оту акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Жазылуу
Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурууда.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. 7-майда саат 10:30да Жаш гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында Кыргызстандын коомдук, жаштар, ардагерлер уюмдарына "Эскерүү отун" тапшыруу аземи өтөрүн мэрия билдирди.
Акция митинг-реквием менен коштолмокчу.
Белгилей кетсек, акциянын катышуучулары Москва Кремлинин жанында жайгашкан белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн Түбөлүк оттун бир бөлүгүн 8 баатыр шаарга жана дүйнөнүн 11 өлкөсүнө, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларына жеткиришет.
Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү согуштун, эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын ардагерлеринин республикалык кеңеши менен биргеликте борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен өткөрүүдө.
Өчпөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2023
Коргоо министрлиги Жеңиш күнүндө кандай иш-чаралар өтөрүн тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0