Кийинки дем алышта Ысык-Көлдө эл аралык Run the Silk road марафону өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Run the Silk road марафонунун катышуучулары. Архив
 Run the Silk road марафонунун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Жазылуу
Бул марафон — Борбор Азиядагы эл аралык деген статуска ээ квалификациялык жалгыз жарыш.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Ысык-Көлдө 13-май күнү Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Ага ондогон мамлекетттен жөө күлүктөр келери күтүлүүдө. Старт жана финиш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот.
Спортчулар тандаган категория боюнча 42, 21, 10 жана 3 чакырым аралыкка чуркашат. Ал эми скандинавиялык басууга 10 жана 3 чакырым каралган. Майыптыгы бар жарандар да катыша алат.
Уюштуруучулар: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Жеңил атлетика федерациясы, Эл аралык марафон дирекциясы.
Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону Ысык-Көлдө быйыл 11-ирет өтүп жатат. Ал — Борбор Азиядагы эл аралык деген статуска ээ квалификациялык жалгыз жарыш. Мында жеңил атлетика боюнча Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.
Бишкекте 3,5 миң адам жарым марафондо күч сынашты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Бишкекте 3,5 миң адам жарым марафондо күч сынашты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0