Эмомали Рахмон Москвадагы Жеңиш парадына чакырылды

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүТажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архивдик сүрөт
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Жазылуу
Москвага расмий сапары менен бара турган Садыр Жапаров дагы парадга катышат.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Москвадагы 9-майдагы Жеңиш парадына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чакырылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Бирок Рахмондун маалымат кызматынын жетекчиси Абдуфаттох Шарифзода президенттин Москвага барары азырынча белгисиз экенин, 9-майда Душанбедеги Жеңиш паркындагы Өчпөс оттун жанында гүл коюу иш-чарасына катышуусу пландалганын айткан.
Тажикстандын президентин Россиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүүдө чакырган.
Белгилей кетсек, Москвага 8-майда расмий сапары менен бара турган өлкө башчы Садыр Жапаров дагы парадга катышат.
Президент Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Садыр Жапаровдун Москвага болчу сапарында эмне талкууланары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0