7-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жазылуу
7-майга караган түнү Ош облусунун айрым райондорунда жамгыр, бийик тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Калган региондордо жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Калган жерлерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20...+25, Талас өрөөнүндө +17...+22, Ош облусунда + 16...+21, Ысык-Көл чөлкөмүндө +11...+16, Нарын жергесинде +12...+17 градус болору айтылды.
Бишкекте күн ачык болсо, Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометр борбор калаада +21...+23, ал эми Ош шаарында +23...+25 градусту көрсөтөт.
Кызыл-Кыяга жол. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Ысык-Көлдөгү каралбай калган Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот
Жаңылыктар түрмөгү
0