Бишкек менен Чүйдө күн 32 градуска чейин ысыйт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан унаалар. Архив
Жолдо бараткан унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жазылуу
Борбор калаада бейшембиге чейин күн ачык болот.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Келе жаткан жумада Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн ачык болот. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Борбор калаада бейшембиге чейин күндүн көзү бузулбайт. Жума жана ишемби күндөрү жамгыр жаашы болжолдонууда.
Чүй облусунда дагы 11-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 12-майда көпчүлүк аймактарда, 13-майда айрым жерлерде жамгыр жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Бейшембиде күндүн табы 32 градуска чейин ысыйт.
Биринчи май районунун Жашыл чарба мекемесинин башчысы Уулжан Имиткулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Радио
Бишкектеги айрым гүл аянтчалары 9-Майга карата жасалды
Жаңылыктар түрмөгү
0