Казакстандын президенти Жеңиш майрамында Москвага барат

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти В. Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт
Россиянын президенти В. Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Жазылуу
Иш сапардын алкагында Токаев Трубино кыштагындагы агасынын сөөгү коюлган боордоштук көрүстөнүнө да барат.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 8-9-майда Россияга иш сапары менен барып, Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Руслан Желдибайдын билдирүүсүнө таянып РИА Новости агенттиги жазды.
"8-9-майда өлкө башчысы иш сапар менен Россияга барат", — деп жазган Желдибай социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилүү болгондой, Токаев Тверь облусундагы Ржев мемориалына барып, Улуу Ата мекендик согуштагы эң чоң салгылашууда курман болгон 100 жана 101-аткычтар дивизиясынын казак-жоокерлерин эскерет. Мамлекет башчы андан кийин Трубино кыштагындагы боордоштук көрүстөнүнө да барат, анда анын агасы Касым Болтаевдин сөөгү коюлган.
Ржев салгылашуусуна Казакстандан 22 миң аскер жана офицер катышкан.
"9-майда Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Касым-Жомарт Токаев Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга катышат", — деген Токаевдин маалымат катчысы.
Россия тарап салтанаттуу иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин чакырган.
Россия лидери Владимир Путин жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Путин Түркмөнстандын башчысын Москвага Жеңиш майрамына чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0