Ак үй Экинчи дүйнөлүк согуш АКШнын жеңиши менен аяктаганын жар салды

© AFP / SAUL LOEBАКШнын Ак үйү. Архив
АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Жазылуу
Дипломат АКШ фактыларды бурмалап, фашизмди жок кылган Кызыл армиянын чечүүчү салымын көз жаздымда калтырып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк согуш АКШнын фашизмди кыйраткан жеңиши менен аяктаган. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер айтканын РИА Новости жазды.
"Европада Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү жана АКШ башында турган союздук күчтөрдүн фашизмди жок кылган жеңиши белгиленип жатат", — деди ал брифингде.
Буга чейин Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Вашингтон Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңүүчүлөрдүн тизмесинен Советтер Союзун алып салып, өзүнүн ролун аша чаап көрсөтүп жатканын билдирген. Дипломаттын айтымында, АКШ фактыларды бурмалап, фашизмди жок кылган Кызыл армиянын чечүүчү салымын көз жаздымда калтырууда. Антонов Вашингтондогу иш-чараларда Украина элчисинин "биринчи номердеги кадырлуу конок" болушун тарыхты мазактоо деп баалаган. Анын пикиринде, бул дипломат "бандерачыларды" өстүргөн режимдин өкүлү.
 Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Путин: жеңишке СССРдин бардык эли жапырт салым кошкон
Жаңылыктар түрмөгү
0