Байден АКШдагы дефолттун кээрин дүйнө жүзү тартарын айтты

© AP Photo / Andrew HarnikАКШнын президенти Жо Байден
АКШнын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
Финансы министри Жанет Йеллен Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе, АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн экенин эскерткен.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Эгер АКШда дефолт болсо анын кесепетин жалпы дүйнө тартат. Бул тууралуу өлкө президенти Жо Байден Нью-Йоркто өткөн иш-чарада билдиргенин РИА Новости жазды.
"Карызыбыз боюнча дефолтко тушуга турган болсок, дүйнө жүзү кыйынчылыкка кептелет", — деди мамлекет жетекчиси.
Байдендин айтымында, учурдагы каатчылыкты республикачылар жараткан, карызын төлөөгө АКШнын кудурети жетет. Президент дефолт болсо өлкө экономикасы төмөндөп, Вашингтондун эл аралык аренадагы кадырына доо кетерин белгиледи.
Эскерте кетсек, АКШнын финансы министри Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан.
Ак үй Конгресстен чекти өйдөлөтүүнү талап кылууда, ал эми республикачылардын оппозициясы көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасы бул кадамды бюджетти кыскартууга байлап жатат.
Ал арада финансы министри Жанет Йеллен Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе, АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн экенин билдирген.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Ак үй АКШда дефолт болуп кетсе миллиондогон иш орун жок болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0