Кытайга Ысык-Көл тараптан жол ачуу жана Сары-Жазга ГЭС куруу талкууланды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКытайдын жана Кыргызстандын желектери. Архив
Кытайдын жана Кыргызстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
Акылбек Жапаров да жакында Кытайга иш сапары менен барары айтылды.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда алар эки өлкөнүн ортосунда "Бедел" көзөмөл-өткөрүү бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектр станциясын куруу маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолгон.
"Жакын арада Кытайга президенттин мамлекеттик сапары жана министрлер кабинетинин төрагасынын иш сапары күтүлүүдө. Ошол себептүү биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алышыбыз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем", — деди Төрөбаев.
Ошондой эле тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин ишин оптималдаштыруу, соода-логистикалык борборлорду түзүү жана айыл чарба продукцияларын экспорттоо, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуруу сыяктуу бир катар маселелерди талкуулаган.
Белгилей кетсек, курула турган "Бедел" чек ара пункту Ысык-Көл облусунун Үзөңгү-Кууш жайлоосу тарапта жайгашкан. Учурда Кыргызстан Кытай менен Нарын жактан "Торугарт" жана Ош тараптан "Эркеч-Там" өткөрмө бекеттери аркылуу кирип-чыгып жүк ташыйт.
Кытай лидери Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын 16-майда Кытайга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0