Өзүнүн бетине өзү түкүрөт. Спикер Шакиев Мадумаровду эки жүздүү деп атады

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев
 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
Депутат азыркы Конституцияны мактап жаткандарды сындаган.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду эки жүздүү деп атады.
Бүгүн парламентте Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу иш-чара өттү. Анда сөз сүйлөгөн спикер мурда Баш мыйзамдын саясий жагы гана өзгөргөн болсо, соңку ирет Садыр Жапаров өлкөдөгү оң-терс көрүнүштөргө да жоопкерчиликти алганын айткан. Ушул сыяктуу эле пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да билдирген.
Андан соң Мадумаров трибунага чыгып, Баш мыйзамда жазылгандар иш жүзүндө дал келбей жатканын айтты.
"Келген кишинин Конституциясын эң мыкты, керемет, кынтыксыз деп көкөлөтүп келдик, туугандар. Кайсы референдумду туура эмес өттү деп айттык? "Бүгүнкү өзгөртүүлөр накта элдин каалоосу болду" деп шатыра-шатман кол чаап отуруп ушул күнгө келдик. Кеп Конституцияда эмес, кеп коомдо жана аны башкарган бийликте. Президенттерди көкөлөтүп отуруп ушул кезге жеттик. Сиз бар үчүн күн чыгып, гүлдөр гүлүн ачып жатат, сиз уй жылында туулупсуз, алмалардын гүлдөгөнүн караңызчы деп келген биз эмеспи", — деп кайрылды депутат.
Жыйындын соңунда Шакиев Мадумаровго жооп кайтарды.
"Бизде ушундай демократия, ар ким оозуна келгенди сүйлөйт. Бир ораторубуз "бул иш-чарага келбейт элем" дейт да, келди, "катышпайт элем" деп коюп катышып отурат. Эки жүздүүлүктүн да чеги болот, мындай учурларды белгилеп коюшубуз керек. "Мен бул бийликке түкүрдүм" дейт, өзү бийликтин бир бутагы болгон парламенттин депутаты. Өзүнүн бетине өзү түкүрөт. Биз ошондой ачуу-таттуу кепти ачык айтып коюшубуз керек. Анткен менен биздин бүгүнкү жыйын өз максатына жетти деп ойлойм", — деди төрага.
Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Өкмөттүн отставкасы: сунуш четке кагылып, Шакиев менен Мадумаров кайым айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0