Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланды

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы капельница. Архив
Ооруканадагы капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Жазылуу
12-13-май күндөрү мектепти дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. Алэми сабактар башка күндөргө жылдырылган.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жалал-Абаддагы Кочкор-Аташаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланганын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Окуя 11-майда №15 Семетей Беки уулу атындагы орто мектепте болгон.
Маалыматка ылайык, Кочкор-Ата мэриясынын буйругу менен медицина кызматкерлери 6-7-8-класста окуган 100дөй балага лекция окуган. Бул маалда 3-4 окуучу өзүн жаман сезип, эс-учун жогото баштаган.
Мугалимдер Тез жардам кызматын чакырып, Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборуна 42 окуучу жеткирилген. Анын ичинен 14 бала үйүнө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Учурда абалдары туруктуу.
Жергиликтүү администрациянын жана оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун көрсөтмөсүнө ылайык, 12-майдагы сабактар 20-майга, 13-майдагы сабактар 25-майга жылдырылган. 12-13-май күндөрү мектепти дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Азыркы учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.
Аталган мектепте жалпы 1 132 окуучу билим алат.
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Министрлик Ошто окуучу кыздар атырга ууланган эмес деген билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0