Ошто акча алмаштыруу жайын карактагандардан курал-жарактын түрү табылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МВД КРОшто акча алмаштыруу жайын карактагандардан курал-жарактын түрү табылды
Ошто акча алмаштыруу жайын карактагандардан курал-жарактын түрү табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Жазылуу
Алынган куралдын ичинде пулемёттор жана гранаталар бар.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ош шаарында акча алмаштыруучу жайды карактоого шектүүлөрдүн жашаган жеринен көп сандаган курал-жарак табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МВД КРЦелый схрон оружия найден у подозреваемых в ограблении "обменки" в Оше
Целый схрон оружия найден у подозреваемых в ограблении обменки в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Кечээ милиция кызматкерлери менен чекисттер тарабынан сегиз кишиден турган кылмыштуу топ кармалганы маалымдалган. Карактоо апрель айынын соңунда болгон. Анда шектүүлөр жабырлануучунун 3,6 миллион сомун алып кеткен.
"Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу курал, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дары жана гранаталар табылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп жазылган маалыматта.
Кармалган сегиз киши Кыргызстан менен Өзбекстандын жараны, анын ичинде аял дагы бар экени белгиленди.
© Фото / пресс-служба МВД КРЦелый схрон оружия найден у подозреваемых в ограблении "обменки" в Оше
Целый схрон оружия найден у подозреваемых в ограблении обменки в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
"Өзбекстандык 36 жаштагы аял У.С. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу келген деген маалымат бар. Ал кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин аялы болот", — деп билдирди ИИМ.
Мындан сырткары, кармалган жарандар Кара-Суу районунда үйүнөн чыгып бараткан ишкердин Toyota Land Cruiser 200 унаасын аткылап, ири суммадагы акчасын тоноп кеткен окуяга да шектелүүдө.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Бишкекте баңгизат саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0