Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Жазылуу
15-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25, Нарында +19...+20 градус жылуу болот.
Күн борбор калаа Бишкекте +27...+29, Ош шаарында +29...+31 градуска чейин ысый турганы айтылды.
Рух Ордо маданий борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылып, бийлик кандай даярданганын айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0