Бишкекте блокадачы Анна Кутанованын эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды. Видео

Жазылуу
Бүгүн Бишкекте белгилүү блокадачы Анна Кутанованын эстелиги ачылды. Sputnik Кыргызстан бул иш-чарадан тартылган видеону сунуштайт.
Митинг-реквиемге анын туугандары, блокадачылар, РФтин КРдеги элчилигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келди.
"Ленинград блокадачылары кыргыз коому" уюмунун төрагасы Марат Кутанов апасынын эрдигин эскерди.

"Биздин апабыз Ленинградда туулган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал 11 жашта экен. Ал блокаданын каардуу күндөрүн каармандык менен өткөргөн. Өзүнүн өспүрүм курдаштары менен биргеликте Ленинградды коргоого салым кошкон. Бомбанын отторун өчүрүп, кабар жеткирип, элге жардам беришкен. 1943-жылы жайында ал Ленинградды коргоо үчүн медалы менен сыйланган",— деди Кутанова.

Анна Кутанованы институтту бүткөндөн кийин Фрунзеге жөнөтүшкөн. Бул жактан ал турмушка чыгып, орун-очок алып калган.

"Анна Алексеевнанын басып өткөн жолу элге жана мекенге кызмат кылуунун анык үлгүсү. Ал киндик каны тамган шаарын коргогон, ал эми Кыргызстандан экинчи үйүн тапты. Анна Алексеевнанын татыктуу эмгек жолу балдарынын, неберелеринин, миңдеген студенттеринин жүрөгүндө сакталат", — деди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев.

Анна Кутанова Бишкектеги Финансы техникалык институтунда сабак берген.
Ал тарыхты так сактап калуу үчүн көп жумуштарды жасаган.
Анын демилгеси менен Бишкекте Ленинград блокадачыларынын эстелиги орнотулган. Ошондой эле Блокада тарыхы музейи ачылган.
Ал жайда түрдүү иш-чаралар өтөт, жаштар жана ардагерлер чогулуп турат.
Жакында эле бул музейге Москвадан "Эскерүү отун" алып келишти.
Анна Кутанова коомдогу активдүү позициясы үчүн түрдүү медаль жана ордендер менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0