Асанбайда ок чыгарган киши Экономика министрлигинде иштегенби. Ведомство үн катты

© Sputnik / Акылбек БатырбековЭкономика жана коммерция министрлиги. Архив
Экономика жана коммерция министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Жазылуу
Милицияга кабар 14-майда түндө түшкөн. Ал жерде эркек кишинин асманды көздөй ок атканы аныкталган.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлигинен Бишкектеги түнкү клубдун биринде бейбаштык кылган А. С. аттуу кызматкердин иштен бир нече күн мурда бошонуп кеткенин билдирди.
Милицияга кабар 14-майда түндө түшкөн. Ал жерде эркек кишинин асманды көздөй ок атканы аныкталган. Ыкчам топ барып, 34 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармап Тергөө кызматына алып келген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бир нече ЖМК тартип коргоо органдарындагы маалымат булактарына таянып шектүү Экономика жана коммерция министрлигинде иштейт деп кабарлаган.
Ведомство бул боюнча үн катып, А. С. Региондор аралык башкармалыкты жетектеп келгендигин, бирок 1-апрелден 6-майга чейин эмгек өргүүдө болуп, 10-майда иштен өз каалоосу менен бошонгондугун билдирди.
Кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Нарын университетинин мугалими УКМК өкүлүнө 4000 доллар пара берип кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0