Төрт жыл мурда чыгып кеткен: Бишкекте 49 жаштагы кишини издеп жатышат. Сүрөт

© Sputnik / Кирилл КаллиниковМужчина в подземном переходе в Москве
Мужчина в подземном переходе в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Жазылуу
Милицияга атасы кайрылып, уулу 2019-жылы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Милиция Дмитрий Зиниев аттуу кишини издеп, жарандарга да кайрылды. Бул туурасында борбор калаанын Свердлов райондук ИИБинен кабарлашты.
© Фото / УВД Свердловского районаДайынсыз жоголгон Дмитрий Зиниев
Пропавший в Бишкеке Дмитрий Зиниев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Дайынсыз жоголгон Дмитрий Зиниев
2020-жылы 22-январда З. Ш. А. аттуу адам уулу Дмитрий Зиниевди (1974-жылы 13-октябрда туулган) табууга жардам сурап кайрылган.
"Ал 2019-жылы март айында Аламүдүн-1 кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылган эмес. Учурда кайсы жерде экени белгисиз", — деп айтылган маалыматта.
Изделип жаткан адамдын белгилери: бою 185 см., көзү көк, арык чырай, кыска кыркылган кара чачтуу.
Милиция элге кайрылып, Дмитрий Зиниев Шевкетович тууралуу маалыматты билгендер же анын кайда жүргөнүн көргөндөр болсо 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 103-102, 0 (701) 28-28-19, 0 (557) 11-94-10 жана 102 телефондоруна кабарлап коюуну өтүндү.
Оштогу акча алмаштыруу жайын карактоого шектүүлөрдү кармаган учурдун видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Оштогу акча алмаштыруу жайын карактоого шектүүлөрдү кармаган учурдун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0