Ысык-Көлдө күн жылыйбы? Келерки аптада күтүлгөн аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылы. Архив
Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Жазылуу
Абанын температурасы жуманын ичинде 26 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
15-майда тоолуу райондордо өткүн өтөт, 16-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
17-18-майда айрым жерлерде, ал эми 19-21-майда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп басылат.
Абанын температурасы апта ичинде 26 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-майда айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Боом капчыгайында таш кулатуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Боом капчыгайында 15-19-майда таш кулатылат
Жаңылыктар түрмөгү
0