Дмитриевкада жаракат алган жоокерге операция жасалды

© Фото / PAN Photo / Медиабанкка өтүүОоруканада жарадар болгон жоокер. Архив
Ооруканада жарадар болгон жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланууда.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Дмитриевка айылында террорчуну кармоо аракети учурунда жаракат алган жоокерге операция жасалды, абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, спецназдын кызматкери саат 10:45те Улуттук госпиталга жеткирилген. Анын сол бутунун санына ок тийип, сынып кеткен. Операция учурунда ок бутунан чыгарылып, сынган саны Хофман аппараты менен бекитилген. Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланууда.
Эске салсак, бүгүн таңда Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында террорчуну кармоо операциясы болуп, анда эки жоокердин жарадар болгону кабарланган. Бирине операция жасалса, экинчисине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Террорчу кирип кеткен Дмитриевкадагы үй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Толук күйгөн. Дмитриевкадагы террорчу жашынган үйдүн асмандан тартылган сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0