Дмитриевкадагы атышуу. ИИМ террорчу жок кылынганын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовДмитриевка айылындагы ИИМ кызматкерлери
Дмитриевка айылындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
Атышуудан күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болгон.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Дмитриевка айылында куралдуу каршылык көрсөткөн террорчу жок кылынганын Ички иштер министрлиги кабарлады.
ИИМ жана УКМКнын атайын бөлүктөрү операция жүргүзгөн. Террорчу куралдуу каршылык көрсөтүп, натыйжада атышуудан күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болгону айтылган.
"Террорчу жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМ жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет", — деп айтылат кабарда.
Учурда айыл эки тарабынан тең тосулуу.
Sputnik Кыргызстан агенттиги окуя боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Тез жардам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Дмитриевка айылындагы атышуудан эки киши жарадар болду
Жаңылыктар түрмөгү
0