Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усупбаев: медицинада жаштар илимге кызыкпай, акча табууну көздөп калышты

© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук госпиталдын Республикалык урология илимий борборунун директору, профессор Акылбек Усупбаев
Улуттук госпиталдын Республикалык урология илимий борборунун директору, профессор Акылбек Усупбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
Улуттук госпиталдын Республикалык урология илимий борборунун директору, профессор Акылбек Усупбаев кээ бир мамлекеттик медициналык мекемелерди Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясына берүү керектигин айтты.
Медицинада жаштар илимге кызыкпай, акча табууну көздөп калышты. Мунун натыйжасы кооптуу болуп каларын Акылбек Усупбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Усупбаев: медицинада жаштар илимге кызыкпай, акча табууну көздөп калышты
Анын айтымында, медицинада билим берүүнүн сапатына басым жасап, тажрыйба алмашууга көңүл буруу кажет.
"Илимдин өнүгүшү мамлекеттин колдоосунан көз каранды. Медицинада жаңы технологиялар колдонулуп, жаңы ыкмалар кирип жатканын эске алганда илимге абдан көңүл бурулушу керек. Кыргызстандык дарыгерлердин кесипкөйлүгү жогору бааланат. Бирок учурдун талабына туура келген талаптар менен иштебесек артта калабыз. Бүгүн жаштар илимге кызыкпай, көбүнесе акча табууну көздөп калышты. Мунун натыйжасы кооптуу болушу мүмкүн. Дарыгер боло албай жатып менчик клиника ачып, киреше табууга аракет кылып калышты. Тилекке каршы, алар кантип иштеп, кандай операцияларды жасап, эмне дарыларды берип жатканын биле албайбыз. Көзөмөл дагы жок, жоопкерчилик дагы каралган эмес. Мисалы, кээ бир мамлекеттик медициналык мекемелерди Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясына берүү керек. Анткени окуу жайлардын өзүлөрүнүн клиникалык базасы болушу зарыл. Бул абдан көйгөйлүү маселе", — деди Усупбаев.
Ошондой эле адис кыргыз медицинасы реформага муктаж экенин, бирок башка өлкөнүн моделин көчүрүп койбой элдин менталитетине, жашоо-турмушуна ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын кошумчады.
Жаңылыктар түрмөгү
0