Айыл өкмөт башчы: бийлик террорчуну кармоодо талкаланган үйдү оңдоп бербейт

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Ата районунда террорчуну кармоо операциясында талкаланган турак жай
Ысык-Ата районунда террорчуну кармоо операциясында талкаланган турак жай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
Террорчу үч күн мурун келип, үйдү ижарага алып жашап жаткан.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ысык-Ата районунда террорчуну кармоо операциясында талкаланган турак жайды бийлик органдары калыбына келтирип бербейт. Бул туурасында Дмитриевка айыл өкмөтүнүн башчысы Ранат Абакиров Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Буга чейин айрым ЖМКлар бийлик үйдү тургузуп бере турганын жазган.
"Биз үй ээсине жардам беребиз деп айткан эмеспиз. Бул жалган маалымат. Мен ал эже (үй ээси — ред.) менен сүйлөштүм, патент албай эле турак жайын мыйзамсыз түрдө ижарага берип жүргөн экен", — деди Абакиров.
Турак жайын ижарага берген Марина Мусаева жок кылынган террорчу үч күн мурун Оштон келдим деп жайгашканын билдирген.
"Узак убакытка жашайбыз, аялымды алып келем деген. Бирок паспортун көрсөтпөй койгон. Биз билген жокпуз да анын террорист экенин. Эми минтип үйүбүз күйүп кетти", — деди кожойке.
Эскерте кетсек, бүгүн таңда атышуу болуп, ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрү куралдуу террорчуну кармоо боюнча операция жүргүзгөн. Ал каршылык көрсөтүп, натыйжада күч түзүмдөрүнүн эки жоокери жарадар болуп, согушкер жок кылынган.
Ооруканада дарыгерлер операция учуруда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Дмитриевкадагы атышуудан жарадар болгон жоокерге операция жасалат
Жаңылыктар түрмөгү
0