Прокуратурада 23 жыл иштеген Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп шайланды

© Фото / пресс-служба Верховного Суда КРЖамиля Жаманбаева. Архив
Жамиля Жаманбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Жаманбаева 48 добуш алды.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Жамиля Жаманбаеваны акыйкатчы кызмат ордуна шайлады.
Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Жаманбаева 48, экинчи талапкер Бакыт Рысбеков 20 добуш алды.
Ал коомчулукта прокуратура кызматкери адам укуктарын кантип коргойт деген суроо жаралып жатканын айтып, жооп берди.
“Прокуратура органдары мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Ал эми акыйкатчы жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзөт. Ошондуктан акыйкатчы менен прокуратуранын функциялары кандайдыр бир деңгээлде айкалыштыгы бар. Иш тажрыйбам адам укуктарынын системдүү бузулушунун себептерин аныктоого мүмкүндүк берерине ишенем”, — деди Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева 1998-жылдан бери прокуратура органдарында ар кандай кызматтарды аркалап келген. 2018-2021-жылдары Башкы прокурордун орун басары болуп иштеген. Соңку парламенттик шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси (№28) менен катышып, бирок мандатка жеткен эмес.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы менен бир мандаттуу округдан шайланган Сеид Атамбаев Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековду көрсөткөн.
Ал эми "Ыйман нуру" сунуштаган Кулира Кубатова шайлоонун алдында келечекте Жаманбаева менен бир командада иштөө үчүн талапкерлигин алууну чечкенин жарыялады.
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Өлкөдө ЖМКларга кысым болуп жатабы? Акыйкатчылыкка талапкерлердин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0