Депутат: Бакиевден маек алган Кошалиевди УТРКдан, Курултайдан кетириш керек

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Эл өкүлү президенттик администрация позициясын элге ачык айтып коюшу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева качкын президент Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиевди Курултайдын төрагалыгынан кетирүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, жакында эле УТРКда "Кыргыз ааламы" берүүсүн алып барып жүргөн Кадыр Кошалиевдин Бакиевден алган маеги социалдык тармактарга жарыяланган.
"Кадыр Кошалиев деген УТРКнын алып баруучусу экен. Аны же жумуштан алышсын, же "Улуттук телеканал Бакиевдерди реабилитациялоо процессин баштадыбы?" деген суроого так жооп беришсин. Экинчиден, мындай адамдар Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы боло албайт. Элди бөлүп, ыдыратпагыла. Артындагы ызы-чууну да ойлонуңуздар. Ал жүздөгөн адамдарды атып кеткен качкын президенттен маек алды. Каалаган фактыларды өзүнө ыңгайлуу кылып айтып, актанып жаткан президенттин сөзүн чыгарып эмне кылышат? Курултай бүтүндөй Кыргызстан элине тең мамиле кыла турган орган, бул аксакалыбыз Курулутайдын төрагасы болууга укугу жок. Ушуну көзөмөлгө алыңыздар, туура эмес болуп жатат", — деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал эгер 30 жылга эркинен ажыратылган Бакиевди актоо аракети жүрүп жатпаса, президенттик администрация элге ачык айтып коюшу керектигин белгиледи. Мунун далили катары Кошалиевди иштен бошотуу зарылчыгын айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
"Бакиевди актоо". ЖК Шакиев жазды делген кат жасалма деген билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0