Үчүнчү кыргызстандык Эвересттин чокусуна чыкты. Видео

© AFP / Handout / Project PossibleАльпинисттер Эвересттин чокусунда турушат. Архив
Альпинисттер Эвересттин чокусунда турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Бийиктиги 8 848 метрди түзгөн Эверест же Жомолунгма — Жердеги эң бийик чекит.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан Эвересттин чокусуна чыкты. Бул тууралуу ал соцтармакка жазды.
1997-жылы кыргызстандыктардын арасынан алгачкылардан болуп Дмитрий Греков Эверестти багындырса, 2021-жылы Эдуард Кубатов чыккан. Ошентип Сайдилкан планетадагы эң бийик чокуга чыккан үчүнчү кыргызстандык болуп калды.
Сайдилкандын айтымында, анын көптөн күткөн кыялы кечээ күнү саат 7:40та орундалды. Ага дүйнөнүн эң бийик чокусунда туруу бактысы буйруган. Альпинист адатка айлангандай Кыргызстандын желегин, ак калпагын жана "Манас" эпосун ала кеткен.
Буга чейин ЖМКлар Сайдилкан "Жети чоку" программасын аткарууну ниет кылып жатканын жазышкан. Эверест программадагы алтынчы чоку болуп саналат.
Бийиктиги 8 848 метрди түзгөн Эверест же Жомолунгма — Жердеги эң бийик чекит.
Вручение награды кыргызстанцу Эдуарду Кубатову президентом Беларуси Александром Лукашенко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Лукашенко Эверестти багындырган Эдуард Кубатовго сыйлык тапшырды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0