Кыргызстандык ашпозчу жигиттин тамагы эл аралык сынакта мыктылардын бири болду

© Фото / Карина РазетдиноваКыргызстандык ашпозчу Айбек Жакшыбаев KazanForum иш-чарасында өткөн ашпозчулардын эл аралык кубогунда жеңүүчүлөрдүн бири болду
Кыргызстандык ашпозчу Айбек Жакшыбаев KazanForum иш-чарасында өткөн ашпозчулардын эл аралык кубогунда жеңүүчүлөрдүн бири болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Кыргызстандык чебер бул тармакта 20 жылдан бери эмгектенип келет.
КАЗАНЬ, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык ашпозчу Айбек Жакшыбаев KazanForum иш-чарасында өткөн ашпозчулардын эл аралык кубогунда жеңүүчүлөрдүн бири болду. Таймаш "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2023" деп аталган XIV эл аралык экономикалык форумдун алкагында уюштурулган.
Ал "эттен жасалган тамактар" категориясында чеберчилигин сынап, жыйынтыгында алтын медаль алган. Жакшыбаев учурда Чүй облусундагы Кемин районунун Орловка айылында турат. Бул кесипти 19 жылдан бери аркалап келет.
Кубокко катышууга 13 мамлекет – Азербайжан, Алжир, Иордания, Иран, Кыргызстан, Мальдива, Палестина, Россия, Ливан, Сауд Арабиясы, Тунис, Түркия жана Өзбекстан арызын берген.
KazanForum Татарстандын борборунда өтүп жатат. Бул форум – Россия менен ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы бизнестин негизги аянтчасы. Анын максаты – РФтин региондору менен Ислам кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий байланыштарды бекемдөө.
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Минниханов ЕАЭБге түндүк-түштүк транспорттук коридору эмне берерин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0