Кызматташуунун жаңы доору. Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКызматташуунун жаңы доору. Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту
Кызматташуунун жаңы доору. Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Өлкө башчысы Кытай лидерин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидери Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө Сиань шаарында өткөн жолугушуунун алдында президентти Кароол ротасы салтанаттуу тосуп алганы айтылат. Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүшкөн.
Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган "Кытай – Борбор Азия" саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланганы белгилүү болду.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидери Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидери Си Цзиньпин менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/4

Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидери Си Цзиньпин менен жолугушту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Билдирүүдө Сиань шаарында өткөн жолугушуунун алдында президентти Кароол ротасы салтанаттуу тосуп алганы айтылат

Билдирүүдө Сиань шаарында өткөн жолугушуунун алдында президентти Кароол ротасы салтанаттуу тосуп алганы айтылат - Sputnik Кыргызстан
2/4

Билдирүүдө Сиань шаарында өткөн жолугушуунун алдында президентти Кароол ротасы салтанаттуу тосуп алганы айтылат

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүшкөн

Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүшкөн - Sputnik Кыргызстан
3/4

Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүшкөн

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган "Кытай – Борбор Азия" саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланганы белгилүү болду

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган "Кытай – Борбор Азия" саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланганы белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан
4/4

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган "Кытай – Борбор Азия" саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланганы белгилүү болду

1/4

Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидери Си Цзиньпин менен жолугушту

2/4

Билдирүүдө Сиань шаарында өткөн жолугушуунун алдында президентти Кароол ротасы салтанаттуу тосуп алганы айтылат

3/4

Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүшкөн

4/4

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган "Кытай – Борбор Азия" саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланганы белгилүү болду

"Кытай төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен буга чейинки жолугушууларын, анын жыйынтыгында маанилүү макулдашууларга жетишилип, эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү долбоорлору ырааттуу ишке ашырылып жатканын эске салды. Ошону менен бирге Кыргызстан социалдык-экономикалык бийик натыйжаларга жетишип жатканын баса белгилеп, кыргыз эли президент Садыр Жапаровду жогору баалап жатканына токтолду. КЭР төрагасы "Кытай – Борбор Азия" саммити тууралуу айтып жатып, ал маанилүү этап болуп каларына жана аны менен кызматташтыктын жаңы доору ачыларына басым жасады. Си Цзиньпин кызматташтыктын ушул форматын бекемдөө керектигине токтолду", — деп айтылат маалыматта.
Баарлашуунун жүрүшүндө ал өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, соода-экономикалык кызматташтык программаларын ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, укук коргоо органдары аркылуу тажрыйба алмашууларды бекемдөө, салттуу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу, гидроэнергетика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай төрагасы жана КЭР Борбордук аскер кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады.
"Кытай Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүдө шыктандырган жаңы ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн жогорку кадыр-баркын мындан да бекемдейт деп ишенем. Бул сапар биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизди тереңдетүүгө жана аны ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө олуттуу түрткү берет деп күтөбүз", — деген Жапаров.
Ал кыргыз тараптын боло турган "Борбор Азия – Кытай" саммитинен үмүтү чоң экенин баса белгиледи. Президенттин айтымында, бул диалог аянтчасы регион үчүн актуалдуу жана бардык алты мамлекетти кызыктырган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнүн, талкуулоонун жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп саналат.
"Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестик, чечилбеген маселе жок. Биз бири-бирибизге эң актуалду маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет", — деп белгиледи өлкө башчы.
Жапаров Кыргызстанда чет элдик инвесторлор менен ишкерлердин бизнес жүргүзүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон аракеттер жасалып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Мындан тышкары, кыргыз тараптын соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.
Президент Садыр Жапаровду Кытай кантип тосуп алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Президент Садыр Жапаровду Кытай кантип тосуп алды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0