Жапаров Кытай бизнес өкүлдөрүн ГЭС курууга чакырды. Дагы эмне деди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Мамлекет башчысы кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин айтып берген.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти кытай ишкерлерин ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
"Садыр Жапаров жалпы эле чет элдик, анын ичинде кытайлык өнөктөштөрдү ГЭС куруу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Кызыкчылык жаралса, кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча сунуштарды, механизмдерди кароого даяр", – деп билдирген маалымат кызматы.
Ал кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айткан.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Кыргызстандын президенти кытай ишкерлерин ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырды

Кыргызстандын президенти кытай ишкерлерин ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырды - Sputnik Кыргызстан
1/2

Кыргызстандын президенти кытай ишкерлерин ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ал кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айткан.

Ал кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айткан. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Ал кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айткан.

1/2

Кыргызстандын президенти кытай ишкерлерин ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырды

2/2

Ал кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айткан.

Президент Кытай лидери менен жолукканда басым соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жасалганын айткан.
"Бардык маселелер боюнча консенсуска жеттик. Кытай тарап Кыргызстанда инфратүзүмдүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Ошентип, Кыргызстан менен Кытайдын жогорку жетекчилиги тарабынан саясий колдоо камсыздалды деп эсептесе болот", – деп айтылат маалыматта.
Жапаров 2030-жылга чейин министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты орто жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасы кабыл алынганын айткан.
Президент аталган программанын негизги максаттарын: соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара соода жүгүртүүнү арттырууга көмөктөшүү, сооданы либералдаштыруу, капиталдын эркин кыймылын камсыз кылуу, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, бажы, маалыматтык-коммуникациялык, транспорттук жана логистикалык инфратүзүмдүн өз ара байланыштарын, өнөр жай кооперациясы менен өндүрүш чынжырчаларын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча демилгелерди, атап айтканда, "Бир алкак – бир жол" биргелешкен курулушту алга жылдыруу жана колдоону белгилеген.
Жапаров кытай ишкерлерине Кыргызстанда инвестициялык виза киргизилгенин айтып берген. Инвестициялык категориядагы визалардын мөөнөтү - өлкө экономикасына 10 миллион сом салым кошо турган болсо, 5 жылга чейин, өлкө экономикасы 20 млн. сом салым кошо турган болсо, 10 жылга чейин экенин түшүндүргөн.
"Эки өлкө ортосунда инвестицияларга өз ара дем берүү жана коргоо боюнча эки тараптуу макулдашуу бар. Бул макулдашууда кытай компанияларынын Кыргызстанга инвестиция салуусуна жагымдуу шарттар каралган. Учурдагы кош салык салуудан четтөө тууралуу аракеттеги макулдашууда бир жолку салык салынары каралган жана ал кытайлык компанияларга Кыргызстанга инвестиция салууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жогоруда айтылгандардын негизинде кыргыз тарап кытайлык компаниялардын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө катышуусун кубаттайт жана чакырат", – деп билдирген Жапаров.
Ал 2022-жылы иштелип чыгып, кабыл алынган "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзам тууралуу маалымат берген.
Бул мыйзам 15 жылдык мөөнөткө электр энергиясын сатып алууга кепилдик берет;
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчүлөр тармактарына дискриминациясыз кирүү;
ЭКБди пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн салыктык жана бажылык жеңилдиктер;
чет өлкөлүк жана жергиликтүү компаниялар үчүн бирдей иштөө шарттары;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында кеңири кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралган;
ЭКБдин жабдууларын импорттоодо инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктер да каралган.
Маалымат кызматы жолугушуунун жүрүшүндө Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгышканын билдирген.
Президент Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан жана Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Кыргыз-кытай кызматташуусу: Сиань шаарында кол коюлган документтердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0