Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргыз фондулук биржасын капиталдаштыруу 100 млрд. сомго жакындады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев. Архив
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Жазылуу
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев кыргызстандык ири компаниялар фондулук биржа аркылуу уставдык капиталын жогорулатып жатышканын айтты.
Кыргыз фондулук биржасын капиталдаштыруу 96 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын башында 51 миллиард сомго жеткен. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргыз фондулук биржасын капиталдаштыруу 100 млрд. сомго жакындады
Анын айтымында, Кыргыз фондулук биржасын капиталдаштыруунун өсүшү листинг тизмесиндеги ата мекендик компаниялардын акцияларынын көлөмүнүн жогорулашына жараша болду.
"Кыргыз фондулук биржасын капиталдаштыруу 96 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын башында 51 миллиард сомго жеткен. Бир жылдын аралыгында биржа жакшы жыйынтыктарды берди. Ал эми быйыл январда 80 миллиард сомдук чектен аштык. Кыргыз фондулук биржасын капиталдаштыруунун өсүшү листинг тизмесиндеги ата мекендик компаниялардын акцияларынын көлөмүнүн жогорулашына жараша болду. Компаниялар фондулук биржа аркылуу баалуу кагаздарын чыгарып, уставдык капиталын да жогорулатып жатат. Листинг тизмесине кирген компаниялардын саны 30дан ашты. Мындай көрүнүш компаниялардын инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн арттырып, ири киреше алып келгенге шарт түзөт", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис Кыргыз фондулук биржасынын листинг тизмесине кире турчу компаниялардын саны өссө кыска убакытта капиталдаштыруу 100 миллиард сомдон ашарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0